Мындай пикирин, КР эмгек сиңирген ырчысы Самара Каримова инстаграм баракчасына жазды.

«Урматтуу Кыргызстандыктар!

Ушул күндөрү

 Кыргызстан башынан оор сыноону өткөрүп жатат. Жеке керт башын гана ойлогон саясатчылар жаштарды алдына салып, жыйынтыгында кызматка жетүү гана максаттары болгонун 3 күн ичинде көрсөтүп коюшту.

Бул аралыкта президентибиз элди сабырдуулукка, саясатчыларды мыйзамдуулукка кайтып келүүсүнө үндөп, сабыр кылып турду. Кечээ, Өкмөт башына келген Садыр Жапаров, Президент арызын жазып кете турганын айтты. Мындай маалымат миллиондогон Кыргызстандыктарды кабатыр кылды. Алардын катарында менин дагы жүрөгүмдү оорутту. Себеби, 2017-жылы шайлоочунун 54 пайызынын ичинде менин дагы добушум, ишеничим бар болчу. Биз президентти өз мөөнөтүнө чейин иштесин деп шайлап, тандап алганбыз.

Хан тактыга келгени өзүнүн карапайымдыгы, сабырдуу жана тазалыгы, жүрүм туруму, элине кыянаттык кылбаганы менен айырмалана алды. Өлкөнү талап тоногон ууру-кескилерди досу экенине карабай камакка салды. Алар канчалаган заардуу, ыплас сөздөрдү айтып, президентти “ал мусулман эмес, мунафык”-деп айтса дагы чыдады.

Бүгүн, президентибиз кетем деп жатканы туура эмес. Шайлоочунун көбүнүн колдоосун алып, 6 миллион элдин тагдырын колуна алган жоопкерчиликти таштап, бүгүн кыйын учурда кетип калса анда кечире албайбыз!

Президент эмне үчүн кетпеши керек? Себеби:

Бюджетте 30 миллиард сом дефицит, мамлекеттик карызын сурап Кытай турат. Жакында эле пандемиядан алсырап калган экономикабыз турат. Эки жаат болуп бөлүнүп, ыркы кеткен саясий топтордун тирешүүсү турат. Эгер, президент арызын жазып кетсе, бийлик кайра эле бир адамдын колуна топтолот. Нааразычылык жаралат, кайра толкундоо болушу мүмкүн. Ошондуктан, президент журт атасы катары тирешкен саясий топтордун ортосуна арбитр болуп, шайлоону өткөрүп, Кыргызстандын бакубат жашоосуна тирек болушу керек жана милдеттүү деп эсептейм. Сооронбай Шарипович, бүгүн легитимдүү сиз гана мыйзам талаасына алып келе аласыз, бул чындык. Кетем деп айтканыӊыз туура эмес, кыйын күндө басып кеткениӊизди эл эч качан кечирбейт!

Эл тандаган премьер-министр Садыр Нургожоевич менен эриш-аркак иштеп Кыргызстанды туңгуюктан алып чыгышыңыздар шарт жана талап кылабыз ! Биз бакубат, тынч өлкөдө жашагыбыз келет!”-деген ырчы.

https://www.instagram.com/p/CGNviUtnzDi/?igshid=1qpmxy8hf3r1n