Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Түшүндүрүү иштери Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медицина жана өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлүүдө.

«Сузактын борборунда орун алган жума базарында санитардык нормалардын сакталуусу көзөмөлгө алынууда. Ошондой эле «Бишкек-Ош» жолунун Сузак району аркылуу өткөн тилкесинде жайгашкан тамактануучу жайлар да текшерүүгө алынды. Коронавирус илдетинин алдын алууда жарандар ортосундагы аралыкты сактоо зарылдыгы эскертилүүдө», — деп билдирет облустук милиция.