Бишкек шаарында 9-октябрда киргизилген өзгөчө абал режимине байланыштуу банк жана төлөм системалары өзгөчө абалдын талаптарына ылайык иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлады.

Улуттук банк жана Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары (мындан ары – финансы уюмдары) экономиканын тармактарын, ишкерлерди жана калкты негизги банктык кызмат көрсөтүүлөр менен үзгүлтүксүз жана өз убагында камсыз
кылуу багытындагы ишин жүргүзүүнү улантууда.

Төлөм системалары, анын ичинде «Элкарт» улуттук төлөм системасы штаттык режимде иштеп жатат. Ал эми финансы уюмдары накталай эмес төлөмдөрдү, улуттук төлөм системалары жана эсеп ачуусуз жеке адамдардын акча которуу системалары боюнча акча которуу жана төлөө операцияларын ишке ашырууда.

«Эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөкпулдарды чегерүү мезгили аралыгында калкты накталай акча менен өз убагында камсыз кылуу максатында, Улуттук банк жана анын региондордогу облустук башкармалыктары өлкөнүн бардык региондорунда өз ишин жүргүзгөн филиалдарын жана сактык кассаларын кошуу менен коммерциялык банктар аркылуу калкты, экономиканын тармактарын нак акча менен толук көлөмдө камсыз кылуу иштерин жүргүзүп жатат», — деп билдирет Улуттук банк.

Накталай акчанын, ошондой эле накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүү болушу өлкөнүн бардык региондорунда финансы уюмдары тарабынан орнотулган банктык жабдуулар аркылуу камсыз кылынууда.

Улуттук банк билдиргендей, 1-сентябрга карата өлкө аймагында 1 миң 813 банкомат, 11 миң 633 POS-терминал (анын ичинен 9 миң 447 POS-терминал соода-тейлөө түйүндөрүндө жана 2 миң 186 POS-терминал коммерциялык банктардын филиалдары менен сактык кассаларында жайгашкан) жана 2 миң 18 төлөм терминалы орнотулган.

Улуттук банк банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер жаралган учурда түздөн-түз финансылык уюмдарга кайрылууну сунуштайт. Буга чейин аларга иш убактысын саат 09:00дөн тартып 15:00гө чейин деп белгилөө сунушталган.

Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продукттары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматтар алардын интернет-сайттарында жайгаштырылган.

Улуттук банк учурдагы жагдайга байкоо салып, өлкөнүн финансы жана төлөм системасынын коопсуздугу менен туруктуулугун камсыз кылуу чараларын көрүүдө.