Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-октябрдан тарта муктаждыкка жараша ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда.

Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. 3 өпкөнү дем алдыруучу аппарат, 60 кычкылтек концентратору орнотулду.

Облуста коронавирус оорусу менен ооругандар үчүн ооруканада жалпы 538 орун даярдалган.