Бүгүн, 12-октябрь күнү Улуттук энергетикалык холдингдин мурдагы төрагасы Айбек Калиев жазасын өтөп жаткан мекемеге өз ыктыяры менен кайтып келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлады.

УКМКдан белгилешкендей, ал 5нен 6-октябрга караган түнү мыйзамсыз бошотулган.

Жаза мөөнөтүн өтөөсү үчүн Айбек Калиевди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесине УКМКнын кызматкерлери коштоп барган.