Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканын маалымдады. Жолугушууда ал президентке бүгүнкү күндө ээлеген кызмат ордунан кетүүгө укугу жок экенин билдиргенин айтат. 

«Мен ага ал азыр кете албай турганын айттым. Моралдык себептер үчүн гана эмес, Сооронбай Жээнбеков биринчи кезекте өз элине, республикага, мамлекетке, кыргызстандыктарга кызмат кылам деп ант берген. Азыр тескерисинче, ал баарыбыз үчүн, мамлекет үчүн темирдей ишенимдүү калкан болушу керек», — дейт ал. 

Роза Отунбаеванын пикиринде бүгүнкүдөй мамлекет үчүн оор кырдаалда президенттин ролу өтө маанилүү. 

«Президент республиканы укуктук талаага кайтаруу боюнча берилген убадасын аткарууга милдеттүү. Кырдаал тез өзгөрүүдө, эми Сооронбай Жээнбеков бизди укуктук талаага гана кайтарууга милдеттүү болбостон, биринчи кезекте мамлекетти конституциялык нукка кайтарышы керек», — дейт экс-президент. 

Р. Отунбаева мындан башка суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. Ал профессионал юристтер жана укук таануучулар гана эмес, маданий жана илимий интеллигенция баш болгон коомдук катмардын бардык өкүлдөрү өздөрүнүн салмактуу, негиздүү сөздөрүн айтышы керек дейт.