Карабахтын борбору Степанакерттин тургундары 11-октябрга караган түнү кайрадан жер төлөдө түнөштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, Гянджа шаарында болуп өткөн атышуудан турак жай жабыркап, 9 адам каза болду. Буга Азербайжан тарап макулдашууну бузду деп Арменияны күнөөлөдө. Ал эми Армениянын аскерлери бул аймакка ок чыгарганын четке кагууда.

Ишембиде Степанакертте узак убакыттан бери биринчи жолу сиренанын үнү угулган жок. Эки жумадан бери жер төлөдө түнөп жаткан тургундардын көпчүлүгү бөлмөлөрүнө көтөрүлүшүп, көчөгө чыга башташты.

Москвада болуп өткөн макулдашуунун натыйжасына тургундар башынан анчейин ишенишкен эмес. Бирок ишемби күнү Степанакертте бейпилдик өкүм сүрдү.

Атышуу түштүк фронттогу Гадрут шаарында уланып жатты. Таң эрте башталган куралдуу кагылыштан Армениянын Капан шаарына жакын жайгашкан айылдар да жабыркады.

Эскерте кетсек, Тоолуу-Карабахтын айынан эки коңшу: Армения менен Азербайжан 1988-94-жылдары да согушканы белгилүү. Андан бери Тоолуу Карабах армяндардын көзөмөлүндө турганы менен анын укуктук макамы чечиле элек. Мындан улам Армениянын Азербайжан жана Түркияга өткөн чек арасы жабык. Айрым аналитиктердин пикиринде, Карабах чатагынын биротоло чечилбей, чер аралардын жабык турушу армениялык монополист олигархтар үчүн пайдалуу.