ӨКМдин 29 жаштагы куткаруучусу каза болду

Катардагы жоокер Жолдошов Токтобек Жолдошович 2020-жылдын 9-октябрь күнү дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Жолдошов Токтобек Жолдошович 1991-жылдын 24-июнунда Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн.

Кызмат жолун 2015-жылдын декабрь айынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын административдик-чарба бөлүмүнүн инженери кызмат ордунан баштаган. Ал эми өзүнүн милдеттерине жогорку деңгээлде мамиле жасап, ак дилден эмгектенгендигине байланыштуу 2017-жылдын октябрь айынан тартып Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалган.

2019-жылдын декабрь айында анык аскер кызматына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан чакырылып, Куткаруу кызматында куткаруучу болуп аскер кызматын баштаган.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №1-техникалык камсыздоо отрядынын техникалык бөлүгүнүн офицери кызмат ордуна дайындалган.

Республиканын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга багытталган иш-чараларды аткарууга чоң салымын кошуп, өзүнүн моралдык-ишмердүүлүк, кесиптик жана жеке сапаттарын, кызматтык жана аскердик милдеттерин аткаруудагы жетишкендиктерин эске алып жана 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Жолдошов Токтобек Жолдошовичти Кыргыз Республикасынын “Ардак грамота” менен сыйланган.

Туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз. З.М.Аскаров, А.М.Мамбетов, Д.К.Алимбеков, К.О.Ахматов, Р.Р.Рысбаев, Б.Дж.Оторбеков, А.Чаргынов жана ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыктын жамааты