Тамак-аш азыктары денебизге жана ден-соолугубузга ар кандай таасир этет. Баарыбыз терибиздин мүмкүн болушунча жаркыраган жана жаш көрүнгөнүн каалайбыз, бирок ал үчүн биз колдонуп жаткан тамактарга көңүл буруу керек. Зыяндуу продуктулардын тизмесин түркиялык Sabah басылмасы  жарыялады.

Канттын канчалык зыяндуу экендигин баарыбыз билебиз. Салмак кошуудан баштап, бырыштын пайда болушуна, салбырап кеткен териге чейинки көптөгөн терс таасирлердин башаты ушул. Шекерди ашыкча ичүү гликация деп аталган процессти козгойт. Бул процесс организмдеги белокторду жана липиддерди бузат, коллагенге таасир этет жана бырыштардын пайда болушуна шарт түзөт, анткени белоктор жана липиддер теринин ийкемдүүлүгүнө жооп беришет.

Фаст-фуд, куурулган майлуу тамактар, маргарин, консерваланган азык-түлүктөр жана ден-соолукка зыяндуу азыктардын бардыгы транс майларды камтыйт, бул жүрөк оорусун көбөйтүп гана тим болбостон, кан тамырларды жабыркатат. Ошондой эле, теринин кан агымын басаңдатып, эрте картаюуну шарттайт, дейт автор.

Туз организмдеги суюктуктун кармалышын шарттап, шишикке алып келет. Мындан тышкары, туз клеткалардагы суунун кетишин шарттап, суусагандыкты пайда кылат. Дене суусузданганда тери бырышка айланып, тез карыйт.

Терини  жаш көрсөтүүчү  азыктардын тизмеси:

Анар: Витаминдерге жана антиоксиданттарга бай, терини күндүн зыянынан сактайт.

 Зайтун майы: Курамында омега-3 жана башка териге жагымдуу май кислоталары бар.

Карагат: Антиоксиданттарга бай, кан тамырлардын ийкемдүүлүгүн сактап, кан басымын төмөндөтөт.

Көк чай: терини ультрафиолет нурларынан сактайт.

Жашыл жалбырактуу жашылчалар: өзгөчө шпинат жана капуста карылыкка каршы күрөшөт.

Балык: лосось, тунец, сардина жана скумбрия териңиз үчүн омега-3тин мыкты булагы.

Суу: Сиздин органдарыңыздын жана муундарыңыздын иштешин, зат алмашуу процесстерин колдоп, териңизди суулуу жана жаш көрсөтөт.