Журналист, Шайырбек Абдырахман Facebook социалдык  баракчасына КР Президенти Сооронбай Жээнбеков тууралуу пикирин жазды.

“Президент Сооронбай Жээнбеков кетет дегенди окудум. Урматтуу Сооронбай Шарипович! Кайда кетесиз? Эмнеге азыр кетишиңиз керек? Көчөнүн кейпин болсо көрүп турасыз? Балдарыбыз болсо онлайн окуйт, а мүмкүн окубай деле калышты. Мектептер иштебейт. 6-чакырылыштын депутаттарынын кебетеси тиги. Анын үстүнө кашайып аларда жоопкерчилик да жок экен. Элдер айтып жаткандай алдыда кыш келатат. Талоончулук чыгып кетпесин деп, коркконунан көпчүлүк бизнес борборлор, дүкөндөр, жеке ишканалар жабылышты, же болбосо сактанышып иштеп калышты.

Айтмакчы баягы шайлоонун жыйынтыгы деген маселе экинчи планга өтүп кетти. Эмне болду ошондо? Шайлоо деген түшүнүк ушуну менен бүтөбү? Жок, эгер андай эмес болсо качан болот? Анан анын аягы кандай болот? Мурда сатып алды деп чуулдадык, эми атып алды болбойбу? Өлкөнүн абалы кандай болот? Сиз так ушул маалда “кой менен айтып койдум эле” – деп кетип каласызбы? Сиз азыр ошол сөзүңүздү артка ала турушуңуз керек! Кетүүгө качан болсо да үлгүрөсүз. Так ушул маалда кетип калганыңыз туура эмес! Азыр тескерисинче элибиздин, өлкөбүздүн бейпил турмуш кечирүүсүнө жардам беришиңиз зарыл! Жаңы өкмөт экономиканы “искусственная дыхания” кылып болсо да калыбына келтириш керек. Бул өтө кыйын иш. Сиз көмөктөшүңүз!

Алдыдагы келе жаткан шайлоодо бардык амбициялардын ортосуна калыс туруп беришиңиз керек. Ким кепил болот, мындан да чоң нааразычылык чыкпасына? Ким кепил болот, шайлоодо үгүт иштеринин тынч өтүүсүнө? Эртең партиялар, лидерлер эки экиден кырды бычак болуп, өчөгүшүп жатып калышса анын аягы эмне болот? Ошондо кимди угушат алар? Андыктан азыр кетем дебей туруңуз! Шайлоолор өтсүн, болгондо да демократиялык принциптер жоголбой өтсүн. Бийлик бутактары калыстык менен куралып, жаңы парламент иштесин. Өлкө стабилдүүлүк менен келечекке карай жол алсын. Андан соң мен кеттим деп кетип калсаңыз жарашат! Азыр кеткениңиз туура эмес!

P. S. Бул менин пикирим. Албетте силер башкача ойлонушуңар мүмкүн. Мен ал пикирлерди сыйлайм”, — деп жазган Шайырбек Абдырахман Facebook баракчасына.