Таластагы азык-түлүк дүкөнүндө бир жигит классташын өлтүрүп салды. Бул тууралуу Талас облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, шаарда болжол менен саат 5.00 чамасында 23 жаштагы жигит бычактан алган жаракатынан улам көз жумган. Киши өлтүрүүгө шектелип, өлтүрүлгөн адамдын классташы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Алдын ала маалымат боюнча, майрамдан кийин балдар окуя болгон азык-түлүк дүкөнүнө барышкан.

Эмне болуп жаткандыгын дүкөнгө орнотулган видеокөзөмөл камерасы тартып алган. Тасмада кыска чырдан кийин бири экинчисин курсакка бычак менен сайып салгандыгы көрсөтүлгөн. Кийинчерээк алардын жанына дагы бир нече жигит келип, жабырлануучуну алып кетишет.

Милиция белгилегендей, жаракат алган жигит ооруканага жетпей көз жумган.

https://www.instagram.com/tv/CGPkoTrpHJ5/?igshid=8erbjx7dosxh