Angry young couple shouting face to face.

Агрессия — жүрүм-турумдун коркунучтуу түрү. Бул өтө чоң, кыйратуучу күч. Агрессия сиздин пайдаңызга колдонулуп, тоскоолдуктарды жеңип, ийгиликке жетүүгө багытталат. Бирок көбүнчө тескерисинче: агрессия адамды колдонот.

Биз агрессияны дээрлик ар бир кадамда кезиктиребиз: транспортто же дүкөндө агрессивдүү жана орой адамдар, мектептеги же жумуштагы «түшүнбөөчүлүктөр». Эгерде биз өзүбүз кырдаалга катышпасак, анда биз эрксизден күбө болуп калабыз.

Эмне үчүн адамдар агрессияга алдырат? Алар өздөрүн коргойт. З.Фрейд адам өзүн-өзү жок кылбоо үчүн айланасындагылардын бардыгын жок кылат деп эсептеген.

Бактыга жараша, көйгөйдү чечүүгө жардам бере турган пайдалуу кадамдар бар.


Мындай учурда «Тынчтык жана  тынчтануу  керек!»  Ачууланып жаткандай сезилсеңиз да, ачуулануунун кереги жок. Терең дем алуу жана бир аз көнүгүү жасоо чыңалууну басаңдатып, ашыкча сөз айтпоого жардам берет.

Баардык пенделер жаңылышы  мүмкүн экендигин унутпаңыз — сиз дагы, маектешиңиз дагы.

 Өзүңүздү оппоненттин ордунда элестетип, кырдаалды анын көз карашы менен карап көрүңүз — анда өзүңүздү кандай сезет элеңиз? Балким, азыр анын жашоосунда оор мезгилдер болуп, ачуулануу менен агрессияны ушул нерсе жаратып жаткан чыгар.


Адамда агрессиянын миңдеген себеби бар болсо дагы, аны сизге артып салуусуна жол бербеңиз. Бир калыпта сүйлөп, үнүңүздү көтөрбөңүз. Бул сиздин ага «кыйкыргым» келбейт деген ишенимди жаратат. Эгер диалогдун деңгээли жогорулап жатса, маектешке өз ара сый-урматты эскертип турууну унутпаңыз.

Агрессивдүү адамдардын мазактоосун жүрөккө жакын кабыл албаңыз. «Сиз» дегендин ордуна «Мен» ат атоочторун көбүрөөк колдонуңуз («Мен сезем», «Мен таарынып жатам», «Мен ачууланып жатам», «Менимче»), анын «жетилгендиги» менен «жетилгендигиңиздин» диалогун курууга аракет кылыңыз — адепсиз сөздөр, провокацияларга  алдырбаңыз. Мындай «баарлашуу» каршылашыңыздын тынчын кетирип, сизди угууга аргасыз кылат.