Ооруп жаткан учурда тамакты аз-аздан, бирок тез-тезден жеп туруу керек. Ичип-жегениңиз организмдин сууга, белокко, углеводго, липидаларга, витаминдер менен микроэлементтерге болгон муктаждыгын камсыздап турушу керек. 

Тамактануу боюнча адистер инфекциялык илдет менен оору жатканда өтө катаал диетаны сунуштайт

  • Майлуу эмес эт — канаттуунун эттери жана балык, жумуртка жеш керек. Этти куурабай, аны кайнатып ичүү керек. Ошондой эле бууга бышкан тамак дагы колдонуу кажет. 
  • Сүт азыктары. Мүмкүн болушунча сүт ачыктарын көп ичиңиз, болгону майлуу болбогон каймак менен быштак жеңиз.
  • Күрүч, гречиха жана башка дан азыктарынан ботко (каша) жасап жеңиз
  • Жер-жемиш. Мезгилге жараша бышкан жер-жемиштерди колдонуңуз.
  • Суюукту көп ичүү керек. Мисалы анча кызыл эмес жылуу чай, же жылуу кампот ичиңиз. Өтө таттуу болгон суусундуктарды ичпей туруңуз.
  • Курамында шекер көп болгон азыктардын баш тарта туруңуз. Чоңдор үчүн шекердин бир суткалык көлөмү 6 чай кашыктан ашпаш керек.
  • Ошондой эле, бир суткада 5 граммга чейин гана туз колдонуңуз. Туз организмдеги суюукту кармап турат. Бул өз кезегинде COVID-19 шарттаган пневмонияда болбойт.

Киши ооруп жаткандан эмнелерди ичпеши керек?

Ооруп жаткан маалда куурулган, туздуу жана ачуу тамактардан баш тарткан туура. Ал дем алуу органынын жогорку жагындагы былжыракты ого бетер дүүлүктүрүп, шишип кетүү ыктымалдуулугун жогорулатат.

Муздак суусундуктарды ичпеңиз. Бул тамак сиңирүү процессине тоскоолдук жаратып, организмден суюктуктун чыгып кетишин шарттайт (бул диареяны пайда кылышы мүмкүн).

Спирт ичимдиктеринен оолак болуңуз. Анткени ал маанилүү органдарды ууландырып, организмден суюктуктун чыгышына алып келип, дарылардын керектүү таасирин азайтышы мүмкүн.

Суюктукту канча көлөмдө ичүү керек?

Адам бир суткада өзүнүн салмагына жараша 1 килограммга 30 мл суюктук ичиши керек. Мисалы, кишинин салмагы 80 кг болсо ал бир суткада 2,4 литр суюктук ичиши кажет. Эң жакшысы бардык суюктуктун 2/3 бөлүгүн күндүн биринчи жарымында ичкен жакшы.

Жөтөлүп жатканда жылуу сүткө май салып ичсе болобу?

Жөтөлүп жатканда сүткө май салып ичсе какырыкты жибитип, тамактын ооруганын басаңдатат.

Жөтөлүп жатканда элдик кайсы ыкмалар жардам берет, кайсылары жардам бербейт?

Пайдалуу жагын карап жатканда анын далилденгенине көңүл буруу сунушталат. Мисалы бака жалбырак (подорожник), мия чөбүнүн тамыры (корень солодки) какырыкты бошотуп, жөтөлдү жеңилдетет. Ошондой эле, жылуу 200 мл сууга 1 чай кашык соданы аралаштырып, тамакты чайкасаңыз жөтөлдү бир жумшартат.

Малдын майын төшүңүзгө сыйпабаңыз. Бул теринин дем алуусун начарлатып, организмдин жылуулук бөлүп чыгаруу режимин бузат. Анын айынан кишинин дене табы көтөрүлөт.

Аталган макалада Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги берген кеңештер колдонулду. 

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун “Көп жаша” кампаниясынын алкагында даярдалды.