Саламаттыкты сактоо министрлиги 93,95 миллион сомго диабетке каршы дары-дармектерди сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирет.

Анын айтымында, арыздар 2-ноябрга чейин кабыл алынат.

Буга чейин Кыргызстандын Диабетикалык жана эндокринологиялык ассоциациясы өлкөдө инсулин түгөнүп баратканын билдирген

Маалым болгондой, 2020-жылга инсулин сатып алуу боюнча алдын-ала билдирме 250 миллион сомду түзүп, 108 миллион гана бөлүнгөн. Валюта  курсунун жогорулашына байланыштуу инсулиндин баасы 30 пайызга кымбаттаган, ошондуктан аны бейтаптардын санынын көбөйүшү менен күтүлгөндөн аз сатып алышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги инсулин препараттарынын жана шприцтердин запасы жыл аягына чейин жетет деп ишендирди.