Афиныда Грузиянын экс-президенти, Украинанын реформалар боюнча аткаруу комитетинин башчысы Михаил Саакашвили сабалды.

Окуя бир күн мурун Саакашвили Грузияда 31-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого даярдануу үчүн ал жакта жашаган грузин эмигранттары менен жолугушуу үчүн келген учурда болгон, деп жазат Известия.

Грециянын атайын күчтөрү окуя болгон жерге тез арада жетип барышты.

Саясатчы буга чейин Тбилисинин мэри Каха Каладзеге баш ийген Европадагы грузин кылмышкерлери мэрден буйрук алгандыгын айткан.


Саакашвили негиздеген оппозициялык Бириккен Улуттук Кыймыл (УНМ) партиясы аны сентябрь айында республиканын премьер-министри кызматына көрсөткөн. 27-августта ал 31-октябрда боло турган парламенттик шайлоо Грузияга кайтып келүү ниетин билдирген.

Саакашвили 2004-жылдын январынан 2013-жылдын ноябрына чейин Грузиянын президенти болгон. 2013-жылы ал өлкө башчысынын кызмат мөөнөтү бүтөөрүнө бир нече күн калганда өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин дароо эле ага карата төрт кылмыш иши козголуп, анын экөөсү соттолгон. Грузиянын экс-президенти 11 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. 2015-жылы декабрда Саакашвили Грузиянын жарандыгынан ажыратылган.