5-октябрдан 6-октябрга караган түндөгү тополоң, митингчилердин Ак үйдү басып алганынан кийинки 3-4 күнгө созулган башаламандык акырындык менен өз калыбына келип баратат. Эми коомчулукта өлкөнү кайрадан укуктук талаага кайтарып келүү зарыл экендиги тууралуу пикирлер айтыла баштады. Бийликке каршы митинг уюштуруп, башаламандык жараткан саясий күчтөр да бири-биринен бийлик талашып, бири-бирин укпай тургандыгын көрсөтүштү. Мындай кырдаалда өлкөбүздө жападан жалгыз легитимдүү бийлик – бул президент Сооронбай Жээнбеков болуп калууда. Андыктан анын өз каалоосу менен дагы ээлеген кызматынан кетип калышы туура эмес болуп калаарын аттуу-баштуу саясатчылар айта баштады. Мисалы, буга чейин экс-президент Роза Отунбаева, коомдук жана саясий ишмер Жумагул Сааданбеков сыяктуу жана башка инсандар айтышкан.

Эми ушундай эле пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

«Азыркы учурда президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңеш экөө тең легитимдүү орган. Президент азыр бардыгын укуктук талаага чакырыш керек. Президент жоопкерчиликти мойнуна алыш керек. Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти мойнуна албай жатат. Кезексиз сессияга толук кандуу катышпай жатат. Эки гана кишинин кызыкчылыгын эки топ колдоп жатат. Мындайда президент өзү кайрылып, кезексиз сессияга чакырып, кайсыл бир талапкерге токтолушу керек. Азыр президент өзүнүн милдеттерин аркалаш керек, кетпеш керек. Ал баардыгын укуктук талаага салып коюп, анан арызын жазып берип кетсе болот. Азыр президент кетпеш керек. Анткени башаламандык өкүм сүрүп турат. Парламенттин легитимдүүлүгү тууралуу да сөз пайда болуп калды. Спикердин легитимдүүлүгү тууралуу сөз пайда болуп калат. Ошондуктан укуктук талаага келмейин биз бул туңгуюктуктан чыгалбайбыз. Кеп кайсы бир экс-спикердин, кайсы бир саясатчынын премьер-министрди тааныганы же тааныбаганында эмес, кеп биздин кошуна мамлекеттердин, Россиянын, батыш мамлекеттеринин, Кытайдын, Американын, Түркия сыяктуу чоң мамлекеттердин биздеги бийликти тааныганы-тааныбаганында», — дейт ал