Акыркы суткада өлкө боюнча коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы экөө каза болду. Статистикалык маалымат менен республикалык штаб тааныштырды. Каза болгондор төмөнкү аймактардан:

Ош облусу – 1
Бишкек шаары – 1

Өлкөдө илдет аныкталгандан бери каза болгондордун саны 1 миң 92 болду.