Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Ош шаары – 1;
Баткен облусунда – 2;
Ош облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 7;
Ысык-Көл облусунда – 1.

Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан COVID-19 менен 3 миң 449 медицина кызматкери ооруп, алардын ичинен 3 миң 96сы айыгып чыкты.