Европа биримдиги Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз легитимдүү институт катары тааныйт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Кечээ, 12-октябрда Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Буриан Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Жозель Боррелдин Сооронбай Жээнбековго каалоо-тилегин жеткирген.

«Евробиримдик Жээнбековду лидер катары таанып, Кыргыз өлкөсүнө тынчтык жолу менен стабилдүүлүк орной турганына ишеним артат. Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташууга, стратегиялык кызматташуу боюнча келишимди ишке ашырууга зор салымын кошкон.

Европа биримдиги президент Сооронбай Жээнбековдун кырдаалды жөнгө салып кетүүгө жетиштүү күчү жана механизмдери бар экенине ишенет. Ошондой эле бардык саясий күчтөрдүн жана жарандык коомчулуктун колдоосу менен өлкөнү кризистен чыгарып кетет деген үмүттө», — деп билдирген Жозель Боррел.

Мындан сырткары, Евробиримдик Кыргыз өлкөсүнө кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.