Ош облусунда милиция коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө . Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

Ош ОИИБдин бөлүм жана кызматтарынын кызматкерлери жана жетекчилеринен атайын топтор түзүлүп,  райондорго чыгып РИИБдин өздүк курамы, ИИОнун ардагерлери жана элдик кошундар  менен биргеликте түнкү кайгуул иш-чараларын өткөрүшүүдө.

Иш-чара учурунда айрыкча Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондоруна басым жасалып, жогорудагы төрт райондун аймагында көп улут жашагандыгына байланыштуу чагымчыл чакырыктарга ишенбөөгө жана ошондой аракеттер болсо укук коргоо орагандарына дароо билдирүү боюнча түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары ИИОнун кызматкерлерин кайгуул күзөт кылуу үчүн ар тараптуу бөлүштүрүп, базарларга, мал базарларга, автобекеттерге, эс алуучу жайларга жана коомдук тамактануучу жайларга барып, ал жердеги жарандарга COVID-19 жугуштуу илдетинин жайылышына жол бербөө, коргонуу каражаттарын колдонуу, жол  кыймылынын коопсуздугун так сактоо жана мыйзамсыз иш аракеттердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери  алынып барылууда.