Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов, Баткен облусунун түзүлгөн күнү менен куттуктады. Өз сөзүндө өкмөттүн өкүлү облустагы жасалган иштерге жана маселелерге токтолду.

Урматтуу Баткен облусунун калайык калкы!

Жалпыңыздарды бүгүнкү облусубуздун түзүлгөн күнү менен куттуктайм.

Баарыбызга белгилүү 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусу өзүнчө, облус болуп түзүлгөн.

Мындан 21 жыл мурда, өлкө борборунан миң чакырым алыстыкта, чек арада жайгашкан, өзгөчө стратегиялык аймакты, өзүнчө облус кылып түзүү зарылчылыгы келип чыккан.

Зарылчылыктан улам көтөрүлгөн демилге, мамлекет тарабынан, эл тарабынан колдоого алынып, аймак, өлкөнүн жетинчи облусу болуп түзүлдү.

Бул жылдар аралыгында аймак ар тараптуу өнүктү.

Облус болуп түзүлүү, кыска аралыкта өз жемишин бере баштады.

Мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, зор колдоолор башталды.

Натыйжада жол, электр энергиясына болгон кошуна мамлекеттерге көз карандысыздыктан арылдык.

Чек ара аймактарынын элинин жашоо шартын, инфраструктурасын жакшыртууда мамлекеттик программалар ишке ашты.

Чек аралаш жайгашкан кошуна мамлекеттердин бийлик органдары менен тең ата сүйлөшө алдык.

Алар менен кылым карыткан кошуналык, достук мамилебизди улай, ар тараптуу кызматташууну бекемдөөгө жетиштик.

Урматтуу облусубуздун тургундары!

Баткен облусунун жол, суу, чек ара маселелери ар дайым мамлекеттин көңүл борборунда болуп, ири долбоорлор ишке ашып келет.

Баткен облусунун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен.

Кол тийбеген абалда сакталып турган кен байлыктын түрү бар.

Айыл чарба, өнөр жай, соода сатык, ишкердик жана башка бардык тармактарда ийгиликтүү иш жүргүзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Аймакты өнүктүрүүдө бизге туруктуулук, ынтымак жана биримдик гана маанилүү.

Баарыңыздарды дагы бир ирет майрамыныздар менен чын дилимден куттуктайм.

Баткен облусунун келечеги кең. Өнүгүү потенциалы зор.

Өрүк зарлуу Баткенибиз гүлдөп өнүккөн аймакка айланат деп зор ишеним менен айта алам.

Анткени аймакта, ынтымактуу, эмгекчил эли бар.

Чыгаан уул кыздары, жаркын келечекке умтулган ынтызар жаштары бар.

Облусубуздун түзүлгөн күнү кут болсун.

Асманыбыз ачык, келечегибиз кең болсун.