Россиянын Avito  интернет кызматында Кыргызстандан кен чыкчу жер сатыкка коюлду. Билдирүү 26-сентябрда жарыяланган. Нефрит, алтын, күмүш, жез кендеринде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн алар 100 миллион рубль сурашкан.

Жарыянын авторлору геологиялык чалгындоого лицензия 2023-жылга чейин иштей тургандыгын белгилешкен. Компаниянын менчигинде 157 гектар жер бар.

Бирок кайсы аймактагы жер тилкеси жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз.