Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын саны кайрадан көбөйүп баштады. Саламаттык сактоо министрлиги менен медициналык мекемелер элди мурдатан айтылган эреже тартиптерди сактоого чакырып жатат. Эң башкысы жеке гигиена менен тазалыкка көңүл буруу керектигин айтууда. Бул материалдан сиз COVID-19 тууралуу эң көп суралган суроолорго жоопторду ала аласыз.

COVID-19 кантип тарайт?

COVID-19 вирус менен ооруп жаткан адамдын жугушу ыктымал. Бул илдет кишиден кишиге чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөшүп жатканда ооз жана мурун көңдөйүндөгү шилекейдин майда тамчылары аркылуу жугушу мүмкүн. Ошондуктан кишилердин ортосунда жок дегенде 1 метр аралыкты сактоо керек. Адамдын оозунан чыккан шилекейдин майда тамчылары столдун үстүндө, эшиктин туткасында, көп кабаттуу үйдүн тепкичтеринин кармагычтарында калып калышы ыктымал. Андыктан башка адамдар бул нерселерге колу менен тийип, андан соң көзүн колу менен ушалап, же колу менен оозу-мурдун кармаганда коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүн. Андыктан сыртка чыгып келгенден кийин колду самындап жууп, же курамында спирт бар атайын антисептиктер менен колду аарчуу керек.

Эгер ким COVID-19 менен ооруп жатканын так билбесеңиз өзүңүздү жана айлана чөйрөдөгүлөрдү кантип коргой аласыз?

Өзүңүздү жана айлаңыздагыларды коргоонун мыкты жолу бул жеке гигиенаны так сактоо болуп эсептелет. Мүмкүн болушунча башка кишилер менен бир метр аралыкты сактаңыз. Өзгөчө мындай нерсе жаныңыздагы киши чүчкүрүп, же жөтөлүп жатканда абдан маанилүү. Себеп дегенде айрым кишилерде оорунун белгилери байкалбайт же, ал билинбей өтөт. Ошондуктан кишилердин ортосунда бир метр аралыкты сактоо туура кадам болуп эсептелет.

Эгер COVID-19 илдети жуккан киши менен контакт болсоңуз эмне кылуу керек?

Эгер сиз COVID-19 илдети менен ооруп жаткан киши менен жакын контакта болсоңуз сизге дагы вирус жугушу ыктымал. Андыктан эң туура жолу үйдө өзүңүздү обочого алыңыз. Андан сырткары төмөнкү эрежелерге көңүл буруңуз:

• Эгер сиз оорулуу менен байланышпаган учурда деле оорунун белгилери байкалган учурда — дене табыңыз көтөрүлүп, булчуңдарыңыз жана муундарыңыз ооруксунуп баштаса обочолонгонуңуз туура болот.

• Баштапкы этапта оорунун белгилери байкала баштаганда вирустун башкаларга жугуу ыктымалдуулугу жогору болот. Андыктан оорунун белгилери байкалар замат обочолонуу маанилүү кадам болуп саналат.

• Эгер оорулуу киши менен байланышта болуп, бирок анын белгилери байкалбаса 14 күн карантинде болгонуңуз туура.

Обочолонуу менен карантиндин айырмасы эмне?

Карантин кишинин физикалык түрдө обочолонуусу жана ары-бери жүрүүсүнө тыюу салуу. Мындай чаралардын максаты кишилерде оорунун белгилери байкалганда анын жайылуусунун алдын алуу болуп саналат. 

Ал эми обочолонуу COVID-19 менен ооруган кишилер менен контакты чектөө болуп эсептелет.

Өзүмдү кантип коргоп, оорунун жайылышынын алдын ала алам?

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун, улуттук жана жергиликтүү саламаттык сактоо уюмдарынын берген маалыматтарына көз салып туруңуз. COVID-19 дүйнөнүн дээрлик баардык мамлекеттеринде катталды. Айрым мамлекеттин оорунун жайылышын ооздуктай алды. Анткен менен абал толук бир калыпка түшө элек, андыктан илдет тууралуу акыркы маалыматтарга көз салып туруңуз.

COVID-19 илдетинин жугуу тобокелдигин жана анын жайылуусун өтө оор эмес эрежелерди сактоо менен алдын алсаңыз болот:

• Колуңузду такай жана жакшылап самын менен жууп, же курамында спирт бар антисептиктерди колдонуңуз.

Эмне үчүн? Колуңузду самындап жууганда же курамында спирт бар антисептик колдонгондо териңиздеги вирустарды жок кылган болосуз.

• Кишилер ортосунда бир метр аралыкты сактаңыз.

Эмне үчүн? Эгер COVID-19 менен ооруган киши чүчкүргөндө, жөтөлгөндө же сүйлөп жатканда ооз жана мурун көңдөйүндөгү шилекейлер майда тамчы болуп тарайт. Балким алардын курамында вирус болушу толук ыктымал. Кишилерге өтө жакын болгондо ал вирусту жуктуруп алышыңыз мүмкүн.

• Кишилер көп чогулган жерден оолак болуңуз.

Эмне үчүн? Кишилер көп чогулган жерден ооруну жуктуруп алуу ыктымалдуулугуңуз жогорулайт. Андан тышкары эл көр чогулган жерде 1 метр аралыкты сактоо кыйынга турат.

• Мүмкүн болушунча колуңуз менен көзүңүздү, мурдуңузду жана оозуңузду кармабаңыз.

Эмне үчүн? Себеби, биз колубуз менен көптөгөн нерсени кармап, тийебиз. Андыктан вирус колго жугуп, кир колуңуз менен көзүңүздү, мурдуңузду же оозуңузду кармаганда вирус организмге кирип, ооруну козгошу мүмкүн.

• Жеке гигиенаны жакшы сактаңыз. Жөтөлгөндө оозуңузду жүз аарчы, кагаз майлык (салфетка) менен же колуңузду көтөрүп чыканагыңыз менен жабыңыз. Колдонулган кагаз майлыкты дароо таштанды челекке салып, колуңузду таза жууңуз.

Эмне үчүн? Вирус майда тамчылар аркылуу жугат. Жеке гигиенаны сактоо менен сиз айланадагыларды сасык тумоо, ОРВИ жана COVID-19 өңдүү вирустардан сактай аласыз.

• Эгер дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, демигип жатсаңыз жашаган жериңизге жакын медициналык мекемеге кайрылыңыз. Бейтапканага барганда ал жердин эреже-тартибин так сактаңыз.

Эмне үчүн? Борбордук же жергиликтүү саламаттык сактоо органдарында сиз жашаган аймактагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча актуалдуу болгон маалыматтар бар. Андыктан дарыгер сизди адистештирилген дарылоо мекемесине жиберет. Ошондой эле мындай кадамга баруу менен сиз биринчиден өзүңүздү жана башкаларга оору жугушун алдын алган болосуз.

Аталган макалада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген кеңештер колдонулду. 

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун “Көп жаша” кампаниясынын алкагында даярдалды.