Азыр абал турукташып баратканда акыл айткандар иттин кара капталынан көбөйүп баратат. Мурдагы Коопсуздук Кенешинин төрага орун басары 5- октябрдагы элдик толкундоолор учурунда күч түзүмдөрүн, анын ичинен УКМК ны басып алып, ал жерден атайын Атамбаевдерди чыгарып жиберген. Атайын кызматтын өкүлдөрү бул кишинин УКМК га жетекчи болуп келишин кабыл алышпай, үч күн ичинде имараттан кубалап чыгышкан. Эми болсо аттан түшсө да ээрден түшпөй, өзүн легитимдүү жетекчи болгом деп мактанып жатат. Эгер, бийликти күч менен басып алуу статьясы колдонулса Субаналиев биринчи камалат…