“Мен депутат болуш үчүн тыйын жагынан уттурдум, 300 миң доллар сарптадым”. Бул тууралуу Садык-Шер-Нияз Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

“Мен Жогорку Кеңештин депутаттыгынын мандатын тапшырганы бара жатам. Мени кубандырганы үй-бүлөөмдүн колдоосу. ЖКнын депутаты болуп эмне уттум, эмне уттурдум?. Тыйын жагынан келгенде уттурдум, 300 миң доллар сарптадым.

Мен сыймыктанам ушул парламентте Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Текебаев, Исхак Масалиев сыяктуу инсандар менен чогуу иштешип, баарлашканыма. Жогорку Кеңештен дос күттүм. Алар Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Эмил Токтошев. Кыйын учурда чогуу болдук”, – деди ал.

Ошондой эле Садык-Шер-Нияз саясатка кайра кайтып келиши мүмкүн экенин билдирди. Бирок башкача жол менен.

https://www.youtube.com/watch?v=DgheEjq9MZs&feature=youtu.be&fbclid=IwAR05CA4gNlmeBavKM2ly9L_XOY7fiDW9ZQmPr-2zb1VK8bmsklYGPlPVEo4