Социалдык тармактарда «Дордой Моторс» соода комплексинде эркек адам жаш кызды сабап жатканын чагылдырган видео тараган.

Териштирүү иштеринде кызды сабап жаткан жаран аныкталган. Ал 1995-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран болгон. Ал Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө алып келинген. Сотко чейинки өндүрүштө окуядагы кыз анын бир тууган карындашы болорун айткан.

«Үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам ортодо чыр чыккан. Ал эми жабырлануучу К.А. бир тууган агасынын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Учурда кыздын абалы жакшы. Териштирүү иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.