Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздөө бөлүмүнүн кызматкерлери, облус аймагындагы укук коргоо органдары менен биргеликте чогуу күндүзгү жана түнкү рейддерди уюштуруп, коомдун коопсуздугун, жол коопсуздугун сактоо максатында элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кээ бир аймактарда ыктыярдуу элдик кошуундар да милиция кызматкерлерине жакындан көмөк көрсөтүүдө.

Мобилдик топторго бөлүнүп иш алып барып жаткан ИИОнун кызматкерлери өлкөдө күч алган жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында жер-жерлерде санитардык эрежелердин нормаларын сактоону, той-аштарды токтотууну талап кылууда.

Баткен облус аймагында Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесинин (ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) негизинде 155 протокол толтурулуп 46500 сом айып пул салынган.

Ал эми 9 ай ичинде Бузуулар кодексинин негизинде 661 протокол түзүлуп, алардын ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар 3384 протокол айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулар 207протокол алеми мас абалында унаа башкарган айдоочулар 438 айнегин караңгылаткандар (тоннировка) 130 убактылуу короого токтотулган унаалар 842

Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы