Москвада 19 жаштагы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер университетинин (МГИМО) 3-курсунун студенти сессиядан өтпөй, өз жанын кыйган. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарындагы булакка шилтеме берүү менен билдирди.

Анын сөөгү Москванын батышынан табылган. Агенттиктин маектешинин айтымында, студент өз жанын кыюуга байланыштуу билдирүүнү 14 баракка  жазып калтырган. Анда ал сессиядан өтпөй калуусуна  факультеттин жетекчилигин айыптаган.

Учурда окуя  текшерилип жатат.