Бир нече күндөн бери «Чоң Казат» партиясынын мүчөлөрү лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеевди таба албай жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган саясий бирикменин депутаттыгына талапкер Асхат Осмонов билдирген.

Анын айтымында, Жапыкеевдин телефону жок.

«Биз аны бир нече күндөн бери таба албай жатабыз», — деди Осмонов.

Ал ортодо Жапыкеевдин Фейсбуктагы баракчасында 18 саат мурун «Карапайым эл министрлер кабинетинин жаңы башчысы Садыр Жапаровду колдойт» деп жарыяланган кайрылуу пайда болуп, анда: «Карапайым эл Садыр Жапаровго убактылуу бийликти өткөрүп берүү менен аны колдогон. Президент кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазышы керек ”, — деп жазган мурдагы прокурор.

Эскерте кетсек, массалык башаламандыктардан соң Жапыкеев Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бир нече күндөн кийин ал маегинде Сооронбай Жээнбековго, Райымбек Матраимовго жана экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш ишин козгогонун айткан.