Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча сот өкүмүнүн негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ошол эле учурда сот органдары тарабынан 2019-жылы болгон Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралууда.

5нен 6-октябрга караган түнү болгон окуялар учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна карата басым болуп, ал баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча токтомго кол койгон. Ал факт боюнча мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши иликтенүүдө жана аталган токтомду жокко чыгаруу боюнча маселе каралууда.