Бүгүн, Президент Сооронбай Жээнбеков РФ президенти Владимир Путиндин өкүлү Дмитрий Козак менен жолугушту. Ал жерге Садыр Жапаров дагы чакырылды.

Жолугушуу соңунан кийин Жогорку Кеңештин С.Жапаровду Өкмөт башчыга дайындоо боюнча токтому артка кайтарылып, Жогорку Кеӊешке жөнөтүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдан жаралган кризистин биринчи күндөрүнөн тартып Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Россия тарап өлкөдөгү кырдаалга тынчсызданып жатканын айтып, абалды жөнгө салуу үчүн жардам берүүнү сунуштаган.

Мындан тышкары президент Жээнбеков,  С.Жапаров менен жолугушуп, “Стабилдүүлүктү сактап, бекемдеш үчүн өлкөдөгү биздин бардык чечимдер легитимдүү болуп, шек жаратпашы керек”-деп белгилеген.