Укуктуу өлкөдө Садыр Жапаров алгач соттуулугун тиешелүү процедураларды сактоо менен жоюп, анан Өкмөт башчылыгына аттанышы кажет! Кыргызстандагы саясий кырдаал дүйнө жүзүнүн көңүлүн буруп турган учур. Ооба, кайра-кайра ар беш жыл сайын революция болуп, эгемендигин жоготуп ала жаздаган өлкөгө дүйнөнүн чар тарабынан назар салышууда. Бул биринчиден.

Экинчиден, дүйнөлүк пресса, коңшу мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары «Абактан кабминге», «Кыргызстан түрмөдө жаткан адамын чыгарып, Өкмөт башчысы кылды» деген сыяктуу аталыштар менен Өкмөт башына келген Садыр Жапаров тууралуу түрдүү маалыматтарды жар салып жатышты. Ырасында, эл аралык коомчулукта түрмөдөн мамлекеттик бийликке келүү тажрыйбасы жок эмес, бирок мындай саясатчылар мыйзам талаптарына баш ийип, алгач соттук процесстерден өтүп, акталып, соттуулугун жоюп анан, мамлекетинин Премьер-министрлик кызматына талапкерлигин коет. Андан кийинкиси дагы мыйзамдуу жол менен кетиши кажет.

Башкача айтканда, кайсы бир саясий партиянын атынан сунушталуусу абзел. Бул укуктуу мамлекеттин ар тараптан ойлонулуп чыгарылган мыйзамдык жолу, укуктук-ченемдик актысы, легитимдүү болуунун шарттары. Мына ошол жолдорду басып өткөндө гана Өкмөт башчылыкка талапкердин аркасында кайсы күчтөр кандай колдоо көрсөтүп жатканы дайын болот. Мына ушундай процедуралар менен кеткенде гана өлкө эл аралык коомчулукка жакшы жагынан көрүнө алат. Болбосо абакта жаткан ар ким эле нарадан туруп келип, премьерлик кызматты көздөп отурса бул эмне деген көрүнүш болот? Анын легитимдүүлүгү кандай болот?

Өлкөнүн укуктуулугуна шек келбейби? Акыры эгемендүүлүк деген ыйык макамга доо кетпейби? Мындай жагдайда эл аралык коомчулук, коңшу мамлекеттер, дүйнө державалары, эл аралык институттар жөн эле кабыл албай коеру турган иш.

Андыктан, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын укуктуу өлкө катары кабылданган макамын сыйласа, жогорудагы эл аралык коомчулукта тажрыйбаланып келаткан жолду басып өтүшү менен артынан ар кандай күмөн саноолорго чекит коет.