Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаевге кат аркылуу кайрылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда билдирди. 

Маалыматка караганда, кайрылууда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров сунуш кылган программаны бекитүү, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери мыйзам сакталбай калгандыгына байланыштуу президенттин Аппараты тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат.

Мамлекет башчысы бул маселени Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштайт.