Саясат
Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт
Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Анын айтымында, жыйын саат 9:30да «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында башталат.
Күн тартибинде өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү каралат.