5-октябрда   Ала-Тоо аянтындагы өткөн нааразычылык митингинде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө  жеке ишкер   Имамидин Ташов көңүл  айтып,  куран окутуп ,аза кайгысын тең бөлүшүп батир белек кылды. Бул тууралуу журналист Эльнура Кулуева Фейсбук баракчасына жазды.

“Жалгыз уулун жоготкон ата-энеге «Сиздер  Үмүтбектен  айрылсаңыздар … эл  сиздердин  үмүттү жандырса дейм….Чырактай өмүрү өчкөн  кыргыздын уулуна менин да жүрөгүм сыздады. Сиздердин кайгыңыздарды сырттан карап тура алган жокмун. Ушундай дилгир, алдыга умутулган уулду өстүргөн экенсиздер. Ошол үмүтүңүздөр өчүп турганда … жердеши катары жаныңыздарда болгум келди»-деп  ак дилин билдирди. Жеке ишкер  бул үй бүлөгө   жардам болсун деп батир  берди. Дөө-шаа саясатчылар мамлекеттин тагдырын тартышып жаткан маалда … кыргыздын бир уулу….  бир үй бүлөнүн көз жашын сүртүп , аларга кайрат тиледи. Мунун өзү  кыргыздагы  жакшы касиеттин бир белгиси. Ушул жасалган нерсени сасык, пенделик саясатка сүйрөбөгүлө.. Элибизде  кайрымдуу, үмүт арта турган ,адамдарга жакшылык тартуу кылган азаматтар бар. Кудайга шүгүр. Эл үнү айтылган  митингинин акыркы курмандыгы сен бол, Үмүтбек!…..  Имамидин  мырзага Алла ыраазы болсун!!!  Сиздей жакшылык жасаган уулдар көп  болсун… Башка сөз айта албайсың”,- деген ал.