Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат.   Бул тууралуу “Кадам медиа” маалымат порталына ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Ал эми,  өлкөдө түзүлгөн кырдаалга  жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 2020-жылдын 13-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 346 кылмыш менен жоруктар катталган. Анын ичинен 196  кылмыш, 150  жоруктар. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ыктыялдуу элдик кошундар республиканын бардык аймактарында түзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Республика боюнча 10 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошундар тартылып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо  жана жарандарды коргоо үчүн  укук коргоо органдарына  жардам берүүдө.

Өлкөдө ыкчам кырдаал көзөмөлдө жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында киргизилген Өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат. Ушуга байланыштуу, бекитилген эрежелерге жана чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алууну, ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүнү суранат.