Эртең менен ойгонуу көпчүлүк үчүн таттаалыраак. Айрымдар смартфонун ойготкуч коңгуроосун улам 5-10 мүнөткө жылдырып отуруп, окууга, жумушка кечигип калышат.  Бул үчүн эмне кылуу керектигин, эрте менен сергек ойгонуунун сырын  адистер ачыктады. 

Адистердин  айтымында, адам эртең менен кыйналбай эрте ойгонуусу үчүн эки нерсе өтө маанилүү.

«Биринчиси — адам канча саат уктаса уйкусу кана турганын билип алганы жакшы. Анткени ар бир адам өзүнүн организимин  эң жакшы билет.  Андан соң ошого ылайыктап жатышы зарыл. Мисалы, сизге сегиз саат уктап, эртең менен жетиде туруш керек болсо, саат 11ге чейин төшөктө болуп калганыңыз оң», — дейт адис.

Кийинки кадам бул режимди колдон келишинче бузбай кармоо керектиги айтылат. Анткени уйкуну бир режимге түшүрүп алуу эрте туруш үчүн гана эмес, ден соолукту чыңдоого да бир топ салым кошот.

Чынында, режимге көнүү татаал, бирок аны бузуп коюу абдан оңой. Мисалы, айлап калыпка салган режимди дем алыш күндөрү кеч жатып же күндүз 1-2 саат уктай коём деп бузуп алгандар көп.

Мындан тышкары, организм уйкудан ойгонууну «жек көрүп» калбашы үчүн таңды жайбаракат тосуу сунушталат.

«Айрымдар сыяктуу, ойгонор менен чуркап барып бетти муздак сууга жууй салып, көнүүгүлөрдү жасоо менен дароо тамактануу, музыканы катуулатып угуу сыяктуу нерселер организмге жакпайт. Биринчи керилип-чоюлуп, бир аз жылымык суу ууртап, күн башталды деген белги бериш керек», — дейт сомнологдор.

Ошондой эле эрте туруу үчүн жатарда «мен эрте турушум керек» деп мээгебуйрук берип коюу дагы жакшы жыйынтыгын берет.