Ош ОИИБдин Кара-Суу, Кара-Кулжа, Араван, Чоӊ-Алай, Өзгөн жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүндө иштеп жаткан милициянын көчмө кабылдамалары тарабынан коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча ар тараптуу түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатышат.

Аталган көчмө кабылдама райондук администрация башчылары менен биргеликте иш графиги бекитилип, райондук гезиттер аркылуу ар бир айылга баруу графиги жарыяланып, ошол график боюнча кезеги менен айылдарга барышып жеринде жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышат. Мында жарандар кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузуулардан башка күнүмдүк турмуш тиричиликке байланыштуу маслелер боюнча да кайрыла алышат. Кабыл алынган арыз-даттануулар тийиштүү бийлик органдарына жөнөтүлөт.

2020-жылдын 9 ай ичинде  Ош облусунун аймагында 7 милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу 629 жолу чыгуулар болуп, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген. Чыгуу учурунда 837 атуул ар түрдүү маселелер менен кайрылышып, алардын ичинен 5 коомдук коопсуздук боюнча болсо, 388 башка кайрылуулар болуп, жалпысынан  393  кайрылуу боюнча азыркы учурда маселелер чечилип жатат.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы