Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Баткен облусунда – 1;

Талас облусунда – 2;

Жалал-Абад облусунда – 3;

Ысык-Көл облусунда – 1.

Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 3456 катталса, алардын ичинен 3105 медкызматкер айыгып чыкты.