Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы болуп Дүйшекеев Дастан Станбекович дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы кол койгону маалымдалат.

«Бул чечим кадрдык потенциалды жаңылап, мамлекеттик кызматка жаңы, жаш адистерди алып келүү максатында кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.