Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде Россия Федерациясынын аймагында дайынсыз жоголгон мекендештерин, анын ичинде ар кандай шарттарга байланыштуу туугандары менен байланышты үзгөндөрдү издөө боюнча ар тараптуу иштерди улантып жатат.

Дайынсыз жоголгондорду издөө бул ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн бүтүндөй бир багыты болуп эсептелет. Кайда жүргөндүгү бир нече убакыттан бери белгисиз болуп, чет мамлекетте дайынсыз жоголгон туугандарын издөө үчүн ички иштер органдарына кайрылган жарандар аз эмес. Айрым учурларда мындай окуялар тыкыр иликтөөнү талап кылат.

Ушул жылдын аралыгында ИИМдин Өкүлчүлүгүнө Россия Федерациясынын аймагында дайынсыз жоголгон туугандарын издөөгө көмөк көрсөтүү тууралуу 62 жаран кайрылган. Андан сырткары, өткөн жылы дайынсыз жоголгон 4 жарандын кайда жүргөндүгү такталууда. Ошондуктан, бул отчеттук мезгилде туугандары менен байланышты үзгөн 66 жаран изделип келген.

Москва шаарынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Россиянын аймагында жоголгон жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоого багытталган бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында 46 жаран табылган.

Азыркы учурда дайынсыз жоголгон 20 адамдын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча бирдиктүү иш-чараны жүргүзүү уланууда. Анын ичинен өткөн жылы жоголгон 13 адам изделүүдө.

Ушул жылдын сентябрь айында дайынсыз жоголгон туугандарын издөөгө көмөк көрсөтүү боюнча 15 кайрылуу түшүп, алардын ичинен 9 (алардын ичинен 3 адам ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн кармалып, абакта экендиги аныкталган) жаран табылгандыгын баса белгилеп кетүү керек.

Такталбай калган 6 жаран бар болгондуктан (алардын ичинен 4 өткөн жылы жоголгондор, бир арызда болсо, тууганы 15 жыл мурда жоголгондугу көрсөтүлгөн) алардын кайда экендигин аныктоо боюнча иштер уланууда.

Дайынсыз жоголгон же туугандары менен байланышты үзгөн жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоо үчүн маалыматтык-аналитикалык камсыздалуу зарыл. Издөөгө алынган же дайынсыз жоголгондорду издөөнүн натыйжалуулугу өз убагында жана сапаттуу зарыл болгон маалыматтарды топтоодон, аны талдоодон көз каранды болот. Жарандардын дайынсыз жоголуусунун себептери менен жагдайлары ар дайым көңүл чордонунда болгон. Мындай иштерди иликтөөдө жаралган оорчулуктун себептеринин бири болуп төмөнкүлөр эсептелет: жарандардын өз убагында кайрылбоосу, жашаган жерин тез-тезден алмаштыруусу, өз укуктарын түшүндүрүү боюнча кыйынчылыктар, айрымдар кармалып калгандыгын айтууну каалабаган же корккон жарандар бар.

ИИМдин Басма сөз кызматы