Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоду

Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп берди.

Бүгүн, 14-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда премьер-министр, өкмөттүн курамы жана программасы бекитилмекчи.