Нур-Султандын акими Алтай Кульгинов 14-октябрдан тарта Казакстандын борборунда карантиндик чаралар күчөтүлүп жаткандыгын жарыялады.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматта иштегендердин 60%ы аралыктан иштөөгө өтөт. Ал эми жеке менчик уюмдардын кызматкерлерин аралыктын иштөөгө өтүүсүн талап кылышат. Киши көп чогулган, кафе, ресторандардын иштөө мөөнөтү 9:00 — 22:00 чектелип, кишилердин саны 30 дан ашпоосу кажет. Ошондой эле, нотариус жана консалтинг компониялар, жарнамалык агентиктердин иштөө убактысы чектелет.

“Рейд учурунда, бардык эле объектилер катуу санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга жооп бербегени аныкталды. Уюмдар эпидемиологиялык талаптарды бир нече жолу бузуп, ошону менен шаарды коркунучка кептеген фактылар болгон. Мындай «кайталап кылмыш жасагандардын» ишмердүүлүгү токтотулат”,-дейт аким.