Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттин отставкасы боюнча маселени талкуулап жатат. Кабарды өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

“Ооба, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Премьер-министр Жапаров президент Жээнбеков бүгүн отставкага кетиши керектигин айткан. Сүйлөшүүлөр уланууда”, — деди Стамалиева.

Эске салсак, премьер-министр бир нече саат мурун маалымат жыйын учурунда президенттин өз арызы менен кызматтан кетүү же кетпөө маселеси бүгүн чечилерин айткан.