Жакында өзгөчө абал режими менен коменданттык саат киргизилген Бишкек шаарынын аймагындагы коомдук коопсуздук Бишкек шаарынын  комендатурасынын, күч түзүмдөрүнүн жана  ыктыярдуу элдик кошундардардын  толук көзөмөлүндө турат.

Милиция кызматкерлери, аскерлер, ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге борбор калаанын коопсуздугун сактоону камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте  кызмат өтөшүүдө. Учурда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Кызматкерлер коменданттык сааттын кириши менен кечки саат 22.00дон 05.00 чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бишкек шаардык комендатурасы эч кандай тартип бузууларга жол бербейт. Коомдук коопсуздукту бузуу үчүн чагымчылдыкка аракет  кылгандарга

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык катуу чаралар көрүлөт. Бишкек шаарынын аймагында коопсуздук көзөмөлдө болгондуктан кооптонууга жана тынчсызданууга эч себептер жок. Учурда Бишкек шаары боюнча абал туруктуу.

Эгерде кандайдыр-бир мыйзамсыз иш-аракеттерге дуушар болсоңуздар 102 кызматына кайрылууну суранабыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы