— Илгери бизде Тоң өрөөнүндө бийлик талаштан улам, Өмүралы аттуу эки киши бирине-бири өчөшүп, Кара -Колдо өткөн топ жыйында бирөөсү Туманын Ыбырайы деген жамакчы акынды алып барып, беркисин кордотуп ырдатып кол Манас айттырган экен. Ыбырайды, Көл жээктен тосуп өлтүрөөрдө тоо менен качып кетип аман калат. Ыбырай үйүнө келгенде оозу-мурдун кара жама жеп өлөөрүндө айткан экен: Атаңдын көрү ай, элге жаккыдай жакшы ырдадым эле бирок Манастын обонуна бекер салган экенмин. Каап, Манастын обонунан башка обонго салсам болмок экен же бирөө айтып койгон эмес экен-деп өкүнүп көп узабай көз жумат, кийин тукумуна чейин доо кетип, тукуму да үзүлдү….

Мен муну айтып жаткан себебим, ушул баланын убалын ойлоп бирөө жарым тыйып койсо болмок экен. Жаштык, мастык күчү менен ал балада Манас айтымыш болуп президентти сөгүп алган экен, негизги кыргызда айтат: Канга сын болбойт-деп айтчу эле бабаларыбыз. Калыстык үчүн айтышыбыз керек.

Манаска кошуп сөөкөн ашыкча болуптур, сын айтуунун, талап коюунун өз жолу бар да. Келечек жаштарда дейбиз ушул жаштар, кантип келечек ээси болот, бабаларын кордоп коюп кайдагы келечек??..Улуттук идеологиянын жогу ушул, маданияттын өлгөнү ушул. Манасты кордобогула жана кордотпогула, деп канча какшап келдик. Манас, Аккула, Бакай арактары чыкпасын деп канча айттык. Бийликтегилер укпай койгон. Эми мына ушундай муун келатат. Дүйнө элине сөз болуп атабыз. Кыргыздын Манасы эле бар, ошону ар бир кыргыз жүрөгүнө туу кылып орното албаган эмне деген мамлекет болдук. Улутум кыргыз, урааным Манас.