Элдин эркин жакшы эле көрсөтүп койдуңар. Ар нерсенин өз чеги бар. Андан ашсаң тескери процесс жүрөт да жасаган ишиң бүт кыйрап калат. Садыр Жапаров баштаган өкүмөт толук легитимдүү укукка ээ болуп, орундарына отурду. Садырдан элдин үмүтү чоң. Эми иштешине мүмкүнчүлүк бериш керек. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы мамлекеттүүлүктү мыйзамдуулук сактап турат. Мыйзамды жолуна түшүп анын иштешине шарт түзбөсөк мамлекет катары кыйрап калабыз. Абал оорлой баштады.

Россия алака мамлени токтотту. Бул араңжан экономикабызга чоң сокку.

Ал эми экономикага болсо ээми Садыр Жапаров башында турган Өкүмөт жооп берет.Эртең эл айлык, пенсия,пособия албай калса эмне болобуз? Садырга болгон «сүйүү» жалп өчүп жек көрүүгө өтөт го. Баса «Президент С.Ш. Жээнбеков арызын жазып кетсин»- дегендер мыйзамды түшүнүп, арты эмне болоорун билип кыйкырып атасыңарбы же арты эмне болоорун түшүнбөй эле мыйзам боюнча сабатсыздыгыңарды көрсөтүп кыйкырып атасыңарбы? Президентсиз мамлекет болбойт. Президент кетээри менен убактылуу болсо да анын ордун бирө ээлеши керек. Биздеги Баш мыйзамдын талабы боюнча эгер Президент кетсе Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев ошол замат Президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. Эми түшүндүңөрбү? Ошондо даана нааразычылык күчөйт.

«Эмне болуп кетти? К.Исаев Президент болсун деп революция жасадык беле»- деп чыгасыңар. Бирок ага ал кызматты өзүңөр алып берген болосуңар. Эгер мыйзамды кичине түшүнсөңөр, акылыңарга келгиле. Тескерисинче С.Жээнбеков «Кетем» -десе да. «ЖК тин шайлоолосун өткөзүп, абалды турукташтыргыча эч жакка кетпейсиң»- деп кыйкыргыла. Болбосо К.Исаевдин Президент болгонун анан андан кийинки абалда элестете бергиле.