Мындай пикирди Айданбек Акматов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Кыргыз саясий элитасынын айрым өкүлдөрүнүн саткын жана кубулмалыгы жөнүндө сөздөр көп. Ал сөздөр акыркы күндөрдөгү окуяларда өзгөчө кашкая далилденди.

9-октябрда Бабанов, Сариев, Казакбаев, Молдакматов, Момбеков Атамбаевди Ала-Тоо аянтында митигде коштоп-жандап, анын күчү менен Садыр Жапаровду сүрүп чыгарууну көздөштү. Алар жана аларга жакын топтор “ОПГсыз Кыргызстан”, “Акыркы Үмүт” дегендей ураандарды көтөрүп, Бишкектин ар кай жеринен топ-топ болуп, Атамбаевдин митингисине агылып кошулду. Кошулгандар арасында прогрессивдүү делген Жанар Акаев, Тилек Токтогазиев, Али Токтакунов, Клара Сооронкулова, Элвира Сурабалдиева сыяктуу лидерлер болду.

Булардын баары Садыр Жапаровдун колдоочулары тарабынан 9-октябрда Ала-Тоо аянтында сабалып, куулду. Ок атылды.

Митингде, митингге чейин Бабанов жана анын колдоочулары өкмөт башчыны шайлоо атаандаштык мүнөздө болсун,баарыбыз программаларды айталык, анан Жогорку Кеңеш бирөөнү шайласын деп жүрдү.

Соңунда эмне болду? Бир да принцип сакталбады. Көтөргөн ураандар жерде калды. Дээрлик баары эки күн өтпөй Садыр Жапаровдун алдына барып, кызмат орундарын соодалашып киришти.

9-октябрда аянтта жапаровчулар тарабынан сабалган Казакбаев Жапаров өкмөтүндө тышкы иштер министри болуп калды. Сариев досу Алымкадыр Бейшеналиевге саламаттык сактоо министрлигин соодалашканын маалымат каражаттары жазып чыкты. Дагы кызыктары чыгат…

Минтип оппозиция да болбойт. Позиция да болбойт. Минтип мекен да сырткы күчтөргө, ички коррупциялык күчтөргө сатыла берет. Сатылып келатат. Оппозиция дегендин да ойрон болушу ушундан.

Саясий аренада көп мезгилден бери жүргөн замандашым бир жолу бир саясатчыга карап минткен эле “кыргыз саясатчылары абдан кыска ойлонот. Алардын ичинен да эң кыска ойлонгону ушул” деп. Бул соз баарына эле тиешелуу болуп калды го…