Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында “Чалдыбар-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары 10 млн 200 миң сомдон ашуун суммадагы тиешелүү документтери жок жүктү кармашкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, “Чалдыбар-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайына Казакстанга багыт алган Mersedes Benz Sprinter автоунаасы келген. Унааны айдоочусу 1993-жылы туулган Кыргызстандын жараны И.А.уулу болгон. Текшерүү учурунда чек арачылар унаанын кабинасынан 3 кг 648 гр алтын жасалгаларды табышкан. Ювелирдик жасалгалар – сөйкөлөр, шакектер, билериктер, чынжырлар жана кулондор 10 кутучага салынып, олтургучтун астына катылган баштыктын ичинде болгон.

Айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Алдын ала баалоо боюнча кармалган товардын жалпы суммасы 10 млн 214 миң 400 сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулган соң мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.