Кыргызстанда 2020-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү 5 225,09 сомду түздү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда ал 8 пайызга өстү.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, республиканын бардык аймактарында июль-сентябрь айларында жашоо минимумунун көлөмүнүн өсүшү белгиленди.

«Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди. Ага ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар — 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар — 2 пайызды түзөт», — деп айтылат маалыматта.